Виктор Александрович Оранский |
Виктор Оранский
Композитор Виктор Александрович Оранский музыкалык билимди Москва консерваториясында К.Игумновдун классында алган. Бир нече жылдар бою негизинен педагогикалык жана коштоочулук ишмердүүлүк менен алектенген. 20-30-жылдары драма театрларынын музыкалык бөлүгүн жетектеп, спектаклдерге музыка жазган.
СССРдин Чоң театрынын хореографиялык окуу жайында иштөө Оранскийге бий музыкасын жана балеттин музыкалык драматургиясынын өзгөчөлүгүн терең үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Оранский 1930-жылы жазылган «Футболчулар» аттуу биринчи балетинде эксцентриктик театралдык формага болгон ышкыбоздукту; «Үч семиз киши» (1939) жана «Виндзордун шайыр аялдары» (1942) балеттеринде ал классикалык балеттин салттуу түрлөрүнө кайрылып, тамаша мүнөзгө ээ, жандуу жана сахнага аткарууга ыңгайлуу музыка жараткан.
Л. Энтелик